Сүлүктүдө аткарган иши талапка жооп бербеген кызматкерлерге кылмыш иши ачылды
RU

Сүлүктүдө аткарган иши талапка жооп бербеген кызматкерлерге кылмыш иши ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сүлүктү шаардык мэриясынын айрым кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, чиновниктер кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында "АРИС" долбоорунун алкагында 2018-жылдан бери жалпы суммасы 225 миллион 173 миң 374 сом болгон суу түтүктөрүн реабилитациялоо иштери жүргүзүлүүдө.

"Бирок аткарылган иштер талапка жооп бербей, бүгүнкү күнгө чейин таза суу пайдаланууга бериле элек. Ошондой эле Сүлүктү шаарындагы суу түтүктөрү ишке киргизиле элек", - дешет коопсуздук комитеттен.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланылышын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9606