Бишкектин мурдагы вице-мэри Алимбек Абдылдаев кармалды
RU

Бишкектин мурдагы вице-мэри Алимбек Абдылдаев кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин мурдагы вице-мэри Алимбек Абдылдаев кармалды.

УКМК тарабынан "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы менен "Бишкексвет" муниципалдык ишканасында "коррупциялык механизмдер" аныкталды.

2019-2021-жылдар аралыгында "Бишкексвет" муниципалдык ишканасынын жетекчилиги материалдык пайда алуу үчүн, ишканадан көп өлчөмдө бюджеттик каражатты мыйзамсыз чыгарып турган. Буга кошумча, тергөө "Бишкексветтен" 2 млн. 300 миң сомго акча уурдалганын тактаган.

2016-2019-жылдары "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын жетекчилеринин уруксат берүү жана курулуш объектилерин жылуулук тармактарына кошуудагы мыйзамсыз иштеринен "Бишкекжылуулукэнерго" 31 млн. сомго жакын зыян тарткан.

Бул коррупциялык иштер болгон учурда муниципалдык эки ишкананы Алимбек Абдылдаев жетектеп турган. Ал кийин Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри кызматын да аркалаган.

Абдылдаев 15-декабрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9629