Мамлекетке 20 тонна жер семирткич жана эки КамАЗ конфискацияланды
RU

Мамлекетке 20 тонна жер семирткич жана эки КамАЗ конфискацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

20 тонна жер семирткич жана эки КамАЗ мамлекетке конфискацияланды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашат.

Коопсуздук комитеттин маалыматына караганда, 2022-жылдын 24-июнунда Баткен облусунун Лейлек районундагы "Тал" жергесин кесип өтүүгө аракет кылган З.Ж. Садыков жана Э.Г. Рустамовдун башкаруусундагы эки КамАЗ кармалган. Айдоочулардын жанында контрабандалык жүктүн ээлери - Кыргыз Республикасынын жарандары Н.Ж.Ажибаев жана А.М.Сулайманов болушкан.

Бул жүк ташуучу унааларды текшерүү учурунда жалпы салмагы 20 тонна болгон "Селитра" минералдык жер семирткич табылган.

21-декабрда Лейлек райондук сотунун өкүмү менен Садыков, Рустамов, Ажибаев жана Сулайманов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган ("Экономикалык контрабанда") кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Алардын ар бирине 160 миң сомдон айып пул салынды. Ошондой эле жүк ташуучу унаалар жана 20 тонна минералдык жер семирткич мамлекетке конфискацияланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9687