Кыргызстанда 1-январдан тарта фонограмма менен ырдоого тыюу салынды
RU

Кыргызстанда 1-январдан тарта фонограмма менен ырдоого тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 1-январдан тарта фонограмма менен ырдоого тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов өткөн жылдын 30-декабрында кол койду.

"Министрликке караштуу бардык мамлекеттик маданият жана билим берүү мекемелеринде (театр, оюн-зоок мекемелери, спорттук мекемелер, филармониялар, концерттик залдар, кинозалдар, клуб, музей, китепканалар) концерттик программаларда, маданий иш-чараларда, өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан, вокалдык аткаруучулук өнөр 2023-жылдын 1-январынан тартып жандуу үн менен аткарылсын", - деп жазылган буйрукта.

Министр жоопкерчилик ар бир мекеменин жетекчилигине жүктөлөрүн билдирип, буйруктун аткарылышын өзү көзөмөлдөй турганын эскертти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9790