Ошто өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып жүргөн адам кармалды
RU

Ошто өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып жүргөн адам кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу аталган комиттеттин басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган жаран О.А. Кара-Суу районунун тургуну. Өзүн атайын кызматтын кызматкеримин деп тааныштырып мыйзамсыз аракеттерди жасаган. Учурда ал убактылуу жайга киргизилди.

Такталган маалымат боюнча, анын психологиялык басым көрсөтүүсүнөн улам "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызматкери Б.Э. 0,65 га жерге мамлекеттик актыны мыйзамсыз каттаткан.

Бул ишке байланыштуу О.С. аттуу жаран шектүү катары айыпталууда. Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында анын жашаган жеринен жерди пайдалануу жаатындагы ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экенин көрсөткөн материалдар табылган.

Учурда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9795