Эски аэропорттун имараты Ички иштер министрлигинин карамагына өттү
RU

Эски аэропорттун имараты Ички иштер министрлигинин карамагына өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чыңгыз Айтматов проспекти 95 дарегиндеги эски аэропорттун имараты Ички иштер министрлигинин ыкчам башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Мындай чечимди ведомстволор кабыл алышты. Бул маалыматты Kaktus.media сайтына экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев тастыктады.

21-декабрда министрлер кабинетинин буйругуна министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Амангелдиевдин айтымында, бул имарат Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна караганы менен, анда Ички иштер министрлигинин оперативдүү борбору жайгашкан болчу.

"Имарат ижарага берилген болчу, акчаны бир чөнтөктөн экинчи чөнтөккө которбоо үчүн аны ИИМге өткөрүү чечими кабыл алынган", - деди министр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9806