Бишкектеги канализациялардан жаңы жылдык салаттардын калдыктары табылып жатат
RU

Бишкектеги канализациялардан жаңы жылдык салаттардын калдыктары табылып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы күндөрү "Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын нөөмөтчү-диспетчердик кызматына канализациялар толуп калганы боюнча көп кайрылуулар түшүүдө. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Канализацияны тазалоо учурунда жаңы жыл түнү желбей калган салаттар, жашылча-жемиштер жана башка таштандылар чыгып жатат.

"Урматтуу шаардыктар жана шаар коноктору! Канализацияга катуу тиричилик жана тамак-аш калдыктарын төкпөгүлө. Бул сөзсүз түрдө тыгынды пайда кылат, анткени түтүктөр тиричилик суюк агындыларына ылайыкталган", - деди айтылуу башкармалык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9811