Кыргызстанда кийинки жумада катуу суук болот
RU

Кыргызстанда кийинки жумада катуу суук болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын бардык аймактарында 10-январдан тарта катуу суук болот. Бул тууралуу кыргызгидромет агенттиги эскертти.

Абанын температурасы Чүй облусу жана Бишкек шаарында 12-13-январда түнкүсүн -20 градуска, тоолуу Нарында -28 градуска чейин төмөндөйт. Ал эми түштүк региондордо -17 градус болот.

Кыргызгидромет мезгил-мезгили менен катуу шамал да жүрөрүн кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9831