Өзбекстанда аюу зоопарктын кызматкерин өлтүрүп салды
RU

Өзбекстанда аюу зоопарктын кызматкерин өлтүрүп салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Анжиян облусунун Ходжаабад районундагы зоопарктын кызматкери аюунун кол салуусунан улам каза болду. Бул тууралуу өзбекстандык маалымат каражаттары милицияга шилтеме берүү менен билдирди.

Окуя 3-январь күнү саат 16:00дөр чамасында болгон. Зоопарктын кызматкери А.Г. тамак берүү үчүн аюу кармалган жайга кирген. Жаныбар аны көздөй чуркап келип, мойнунан тиштеп алган. Алган оор жаракаттарынан улам кызматкер окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда Хожаабад райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмү тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9838