Таласта мэриянын жана шаардык кеңештин кызматкерлери коррупцияга шектелүүдө
Талас шаардык мэриясынын жана шаардык кеңештин кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан билдиргендей, чиновниктер муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ижарага берүүдө жең-ичинен сүйлөшүп алышып, сый акы алып жүрүшкөн.
"Талас шаарынын биринчи вице-мэри Б.М.М., Талас шаардык кеңешинин спикери Ж.А.Д., вице-спикер К.А.С. жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Д.М.С. алдын ала сүйлөшүүлөргө барып, сый акы алып, жергиликтүү бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиршкен. Түшкөн каражаттардын бир бөлүгүн ыйгарып алышкан", - деп айтылат маалыматта.Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын корутундусуна ылайык, жогорудагы коррупциялык схеманын натыйжасында 2020-2022-жылдар аралыгында муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысын төлөбөй коюу түрүндө мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян 30 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.
Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кармалгандарга карата баш коргоо чарасын тандоо каралууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/9868