Памирдеги кыргыздар вирустук инфекциядан улам каза болду деген маалымат текшерилет
RU

Памирдеги кыргыздар вирустук инфекциядан улам каза болду деген маалымат текшерилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Афганистандын Памир өрөөнүндө вирустук инфекция жайылып, анын кесепетинен этникалык кыргыздар арасында бир нече өлүмдүн катталганы айтылды. Бул маалыматты Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги текшерүүгө алганын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

"Телефон байланышы жок болгондуктан Чоң Памирдеги этникалык кыргыздардын абалын тактоо максатында жерине элчиликтин ишенимдүү өкүлү жөнөтүлдү. Кичи Памирде абал тынч, вирустук оорулардын курч очогу аныкталган жок. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Афганистандагы элчилиги бул маселени көзөмөлгө алды жана афган кыргыздарынын Кыргызстандагы өкүлү менен байланышта", - деп айтылат тышкы саясий ведомствонун билдирүүсүндө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9874