Олимпиадада жеңишке жеткендерге 10 млн сом сый акы берүү сунушталды
RU

Олимпиадада жеңишке жеткендерге 10 млн сом сый акы берүү сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси биринчи окууда каралды. Анда эки мыйзам долбоору талкууланды.

Эл өкүлдөрү Жусупбек Коргонбай уулу, Шайлообек Атазов, Шаирбек Ташиев сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, медаль алган спортчуларга сый акынын суммасын көтөрүү сунушу айтылды.

Тагыраагы, Олимпиадалык, Паралимпиадалык жана Азиялык оюндарында алтын медаль алгандарга 10 миллион сом, күмүш медаль алгандарга 7 миллион сом, коло медаль алгандарга 5 миллион сом берүү сунушталууда. Спортчунун акчалай сый акысынын суммасынан башкы машыктыруучуга 30%, улук жана жеке машыктыруучуларга 25%, биринчи машыктыруучуга жана медициналык кызматкерлерге 10% өлчөмүндөгү бир жолку сый акыларды берүү белгиленди.

Талкуу маалында депутат Максатбек Сарбагышев спортчулардын чет өлкөгө чыгып, мелдештерге катышуусуна керектүү каржылык колдоо боюнча да беренени мыйзамда камтый кетүү сунушун берсе, депутат Аида Исатбек кызы каржынын убагында бөлүнбөгөндүгүнө байланыштуу спортчулар эл аралык таймаштарга катыша албай калып жатканын сынга алды.

Ал эми депутат Медербек Алиев кылмыш ишине аралашкан спортчулар көп болуп жатканын жүйө келтирип, бул жаатта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды. Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Жаныбек Абиров кылмыш иштерине аралашкан спортчуларды бардык наамдарынан ажыратуу маселесин кароону сунуштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9942