"Милиция кызматкеримин" деп ишкерден 300 миң сом талап кылган жаран кармалды
RU

"Милиция кызматкеримин" деп ишкерден 300 миң сом талап кылган жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде жеке ишкерди коркутуп, 300 миң сом пара талап кылганга шектүү кармалды. Ал өзүн милиция кызматкери деп тааныштырган дешет ИИМдин маалымат кызматынан.

Белгилүү болгондой, 26-январда 43 жаштагы А.А. аттуу (Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын тургуну) жеке ишкер милицияга арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү белгисиз жаран телефон чалып, компроматтык материалдар бар экендигин айтып, арыздануучунун өмүрүнө коркунуч жаратып, 300 000 сом акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген.

Аталган факты Кызыл-Кыя ШИИБинде катталып, тергөө иши башталган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө акча талап кылган жаран милиция кызматкери экендигин айтып, ишкерге акчаны Бишкек шаарынын Ленин РИИБине алып келүүсүн талап кылган.

28-январда жүргүзүлгөн ыкчам иликтөөнүн негизинде Ленин РИИБдин имаратынын алдынан 230 000 сом алып жатканда шектүү кармалды. Ал эч жерде иштебеген Баткен облусунун Кадамжай районунун 30 жаштагы Т.Ч. аттуу тургуну экендиги такталды.

Тергөө иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10122