Баңгизат сатканга шектелип, 2020-жылдан бери изделип жаткан киши кармалды
RU

Баңгизат сатканга шектелип, 2020-жылдан бери изделип жаткан киши кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баңгизат сатууга шектелип, 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, 2020-жылдын ноябрь айында Баткен районунун аймагында М. аттуу жаран 2 килограмм гашишти саткан. Бирок аны кармоо мүмкүн болгон эмес. Кийинчерээк шектүү Баткен облусунун 1979-жылы туулган К.А. аттуу тургуну экени такталып, Биринчи Май райондук сотунун токтому менен издөө жарыяланган.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан К.А. Бишкек шаарынын аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10117