Баткенде 35 тургунга жаңы үйдүн ачкычтары тапшырылды
3202
Бүгүн, 2-февралда Баткенде дагы 35 үйдүн курулушу бүтүп, ээлерине тапшырылды. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жазды.
slide 2 of 7
Ал белгилегендей, бир жума ичинде дагы 15 үй даяр болот.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Садыр Жапаровдун атынан үй ээлерине 100 миң сомдон акча тапшырды.
Буга чейин 18-январда курулушу аяктаган 30 үй пайдаланууга берилген.
Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек ара заставаларына, калктуу конуштарына куралдуу кол салган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/10166