Түркияга жардам. Президенттик администрациянын кызматкерлери бир күндүк маянасын которду
RU

Түркияга жардам. Президенттик администрациянын кызматкерлери бир күндүк маянасын которду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам үчүн Кыргызстанда акча каражаттарын бир куржунга чогултуу боюнча бирдиктүү депозиттик эсеп ачылды.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, кырсыктын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүүнү каалагандар бул эсептин реквизиттерине акча каражаттарын которо алышат.

Бирдиктүү эсеп "Айыл Банктан" ачылды.

  • ИНН 01803199710084
  • БИК 135001
  • ОКПО 30597768
  • Эсеп № 1350102119900169 "КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)" (сом, доллар, евро);
  • Төлөм коду 14411100 – "Учурдагы жардам";
  • Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.

Ошондой эле ӨКМнын түз байланышы иштөөдө.

  • ӨКМ - 112;
  • Президенттин администрациясынын Кырдаалдык борбору - (0312) 662292.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенттик администрациясынын жетекчилиги жана кызматкерлери бир күндүк эмгек маяналарын Түркиядагы акыркы окуяларга байланыштуу материалдык жардам катары которушту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10234