Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга 14 өлкөнүн куткаруучулары жардам көрсөтүүдө
RU

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга 14 өлкөнүн куткаруучулары жардам көрсөтүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 3419га жетти. Дагы 20 534 жаран жабыркаганын вице-президент Фуат Октай билдиргенин Anadolu жазат.

Фуат Октайдын айтымында, жатаканаларга 380 500 тургун жайгаштырылды. Урандылардын алдынан 8 миңден ашык адам куткарылды.

Ал эми кырсыктын кесепеттерин жоюуга ар кайсы өлкөлөрдөн 3 294 куткаруучу барды. Жалпысынан 70 өлкө жардамга кол сунарын билдиришкен. Учурда 14 мамлекеттин куткаруучулары кырсык катталган аймактарда иш алып барышууда.

Мындан тышкары транспорт каражаттарынын (жүк ташыган унаалардан тышкары) Хатай, Кахраманмараш жана Адыяман аймактарына кирүүсүнө 48 саатка тыюу салынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10232