Кыргызстан менен Түркиянын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү
RU

Кыргызстан менен Түркиянын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Алардын сүйлөшүүсү 7-февралда болгонун президенттин администрациясынан кабарлашты.

Садыр Жапаров дагы бир жолу Кыргызстандын элинин жана жеке өзүнүн атынан жер титирөөлөрдүн кесепетинен улам көп сандаган адамдардын өлүмүнө байланыштуу түрк элине жана анын лидерине көңүл айтты. Ал каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына сабырдуулук, ал эми жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Өлкө башчы ушул кыйын учурда Кыргызстан боордош Түркиянын жанында болгонун жана кошумча гуманитардык жардам түрүндө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине кыйын учурда колдоо сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирди

Дүйшөмбү күнү, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү жети баллдан ашкан эки жер титирөө болду (жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де – 7,7 балл жана 13:24тө – 7,6 балл).

Кыйратуучу жер титирөө Сирия, Ливан, Түндүк Кипр, Грек Кипр жана Ирак сыяктуу коңшу өлкөлөрдө да сезилди.

8-февралдын таңына карата Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 6 миң адамга жакындады.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү үчүн Кыргызстандан куткаруучулар, медицина кызматкерлери, психологдор жана кинологдордон турган атайын топ Түркияга жөнөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10236