Эмил Жамгырчиев Өзбекстанда издөөгө алынган
RU

Эмил Жамгырчиев Өзбекстанда издөөгө алынган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге Өзбекстанда издөө жарыяланган. Маалыматты Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Алардын айтымында, Эмил Жамгрычиев Өзбекстанда издөөгө алынган, бирок кандай иш боюнча белгисиз.

Эмил Жамгырчиев Kaktus.media сайтына Өзбекстанда козголгон кылмыш ишинин алкагында буга чейин Кыргызстандын компетенттүү органдары тарабынан күбө катары суракка алынганын билдирди.

"Мен Өзбекстанда эмне үчүн издөөгө алынганын билбейм. Бирок буга чейин Бишкекте компетенттүү органдары тарабынан сурак жүргүзүлүп, күбө катары суракта болгом", - деди Жамгырчиев.

Эске салсак, Эмил Жамгырчиев мурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Жамгырчиев менен өкмөттүн аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов контрабанда кылмыш ишин оң тарапка чечип берүү үчүн бизнесменден акча өндүргөн деп айыпталган. 2021-жылдын февралында 20 миллион сом өлчөмүндө мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтурушкан. Эки айыпталуучу тең үй камагына бошотулган болчу. Сот учурунда жабырлануучу Эмил Эмилканов айыпталуучуларга болгон доосунан баш тарткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10242