УКМК издеген депутат Эмил Жамгырчиев парламентке келди
RU

УКМК издеген депутат Эмил Жамгырчиев парламентке келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин УКМК издөө жарыялаган депутат Эмил Жамгырчиев бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынына келди. Ал саламаттыгына байланыштуу парламентке келбей жүргөнүн, өлкө аймагынан чыкпаганын Kaktus.media сайтына айтты.

Депутат үйүнөн, унаасынан табылган аудио, видео жаздыруучу аппараттар ким тарабынан коюлганы тактала электигин кошумчалады.

Ошондой эле Жамгырчиев тоок филеси боюнча кайра ачылган ишке каршы эместигин билдирди. Ал журналисттерге кыргыз-казак чек арасынан өтүп жатканда кармалбаганын, чек арачылар иш кайра жанданганына байланыштуу ага эскертүү беришкенин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9880