Кантта кардар "Империя пиццы" кафесинин кызматкерлерине ок аткан. Видео
RU

Кантта кардар "Империя пиццы" кафесинин кызматкерлерине ок аткан. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кант шаарында "Империя пиццы" кафесинде кардар ок чыгарды. Бул туурасында Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн кабарлашты.

Айтылгандай, 29-январга караган түнү белгисиз киши кафеде отуруп, официнат менен уруша кеткен. Андан кийин кардар кетип калган. Бирок 2 сааттан кийин кайтып келип, кафенин кызматкерлерине карата ок чыгарган. Жыйынтыгында күзөтчү жаракат алган. Ал эми ок чыгарган киши качып кеткен.

Кийинчерээк ок аткан жаран Бишкектин тургуну М.М. экени, анын атасы жогорку окуу жайлардын биринде проректор болуп иштей турганы такталды. Ал эми шектүү акча алмаштыруу менен алектенери белгилүү болгон.

Шектүү Ысык-Ата РИИБине жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10322