Сокулукта супермаркетте мушташкан жигиттердин бири каза тапты. Шектүү аныкталды
RU

Сокулукта супермаркетте мушташкан жигиттердин бири каза тапты. Шектүү аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Сокулук районундагы супермаркеттердин биринде 2 жигит мушташа кетип, бири бычактан алган жаракатынан каза тапты. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан шектүү колго түшүрүлгөнүн кабарлашты.

Маалымдалгандай, 12-февралга караган түнү саат 03:30 чамасында милицияга билдирүү түшкөн. Анда супермаркеттердин биринде белгисиз жаран 1994-жылы туулган А.Ш. аттуу жигитке бычак сайганы кабарланган. Кырсыктан жабыралунуучу жеринде каза болгон.

Бул факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Такталгандай, А.Ш. 5 досу менен супермаркетте жүргөндө белгисиз жаран менен пикир келишпестик жаралган. Натыйжада эки жигит мушташып, бири бычак алып чыгып сайып жиберген. А.Ш. жүрөгүнүн тушунан жаракат алып, каза болгон.

Окуя боюнча 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши ачылып, тергөөнүн жүрүшүндө 2004-жылы туулган Э.А. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери улантылууда.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10315