Памирден келген этникалык кыргыздарга жарандык берүүнү жөнөкөйлөштүрүү сунушталды
RU

Памирден келген этникалык кыргыздарга жарандык берүүнү жөнөкөйлөштүрүү сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Памирден келген этникалык кыргыздарга жарандык берүү процедурасын жөнөкөйлөштүрүү керек. Мындай сунушту Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

"Памирлик кыргыздарды жүдөтүп, биз башында кайрылман макамын беребиз. Кыргыз болсо кыргыз деп эле паспорт берели. Жөнөкөйлөтүп. Концептуалдык бир пикирге келсек жакшы болмок", - деди Бекешев.

Эл өкүлү чет жерден келген инвесторлорго жарандыкты берүү менен кыргыздарга жарандык берүүнү президент менен чогу сүйлөшүп, бир пикирге келишибиз керек деген оюн ортого салды.

Памирден Кыргызстанга кайтып келген этникалык кыргыздарга алгач кайрылман макамы берилет.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10446