Египет-2023: Тыныбекова, Жуманазарова жана Медет кызы бүгүн килем үстүнө чыгышат
RU

Египет-2023: Тыныбекова, Жуманазарова жана Медет кызы бүгүн килем үстүнө чыгышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-февралда кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде килем үстүнө чыгышат. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында жазылат.

Маалым болгондой, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында франциялык Амелин Дуар менен күрөшөт. Ал эми Мээрим Жуманазарова 68 кг салсакта болгариялык Юлиана Яневага каршы чыкса, Айпери Медет кызы 76 кг салмакта германиялык Франци Рейделт менен кармашат.

Мелдеш 21-фераль күнү Александрия шаарында башталган. Күрөш 24-февралда аяктайт.

Белгилей кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште Сыймык Махмудов жана Раззак Бейшекеев коло байгеге ээ болушту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10480