Акжол Махмудовдун бир тууганы Египетте өткөн мелдеште коло байге утту
RU

Акжол Махмудовдун бир тууганы Египетте өткөн мелдеште коло байге утту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде Сыймык Махмудов коло байге утту. Ал грек-рим күрөшү боюнча 63 килограмм салмакта күч сынашты.

Жубатуучу беттеште кыргызстандык балбан дүйнө чемпиону молдовалык Виктор Чобануну жеңсе, коло үчүн беттеште казакстандык балбанды жеңди.

Мелдеш Александрия шаарында 21-февралда башталган, 25-февралга чейин уланат.

Белгилей кетсек, Сыймык Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Акжол Махмудовдун агасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10477