Зыяратчылардын формасын тигүү боюнча сынактын жеңүүчүсү аныкталды
RU

Зыяратчылардын формасын тигүү боюнча сынактын жеңүүчүсү аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ажылык–2023" сапарында зыяратчылардын жайкы кемселин (жилет) тигүү боюнча сынак жыйынтыкталды. Муфтияттан кабарлашкандай, "Шаң стиль" ишканасы жеңүүчү табылды.

Маалым болгондой, 2023-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабы Кыргызстандык ажыларга жайкы кемсел (жилет) тигүүчүлөр ортосунда конкурс өткөрүп, кездеменин курамына, кийимдин тигилишине, дизайнына, өңү-түсүнө жана сапатына баа беришти. Конкурстун жыйынтыгында ажылыкты уюштуруу штабы ажыларга кемсел (жилет) тигүү боюнча "Шаң стиль" ишканасын тандап алды.

Эскерте кетсек, 25-январдан 17-февралга чейин ажылар кийүүчү жайкы кемселин (жилет) тигүүчү тараптарга конкурс жарыяланып, натыйжада сынакка катышуу үчүн 5 ишкер документ тапшырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10576