Муфтият ажылардын формасын тигүү боюнча сынак жарыялады
RU

Муфтият ажылардын формасын тигүү боюнча сынак жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Муфтият "Ажылык–2023" сапарында зыяратчылар кийүүчү жайкы кемселин (жилет) тигүү сынагын жарыялады. Бул туурасында Муфтияттан кабарлашты.

Талаптар:

  • Убактылуу республикалык штабдын төрагасынын атына сынакка катышуу боюнча арыз;
  • Сынакка катышуучу жактын иш кагаздарынан (документтеринин) көчүрмөлөр;
  • Лицензиянын (патенттин) көчүрмөсү;
  • Салык жана соцфондго атайын төлөмдөр боюнча карызы жоктугун тастыктоочу документ;
  • Сынакка катышуучу жактын тигүү ишканалар рыногундагы кеминде үч жылдык ишмердигин тастыктоочу каржы иш кагаздары;
  • Реквизиттер;
  • Ажылык сапарда ажылыр кийүүчү жайкы кемселдин эркектер жана аялдар үчүн үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө);
  • Арыздар 25-январдан 17-февралга чейин кабыл алынат;
  • Сынак 21-февралда муфтияттын имаратында саат 10:00дө өткөрүлөт;
  • Суроолор үчүн байланыш номерлери: 0705811523; тел/факс: 0312 48 61 67;

Эскертүү: Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечигип тапшырылган заявкалар комиссия тарабынан каралбайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10041