Сейитбек Атамбаев Баткенде үй кургандар айлыктарын ала электигин айтты
RU

Сейитбек Атамбаев Баткенде үй кургандар айлыктарын ала электигин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин 2-марттагы жыйынында депутат Сейитбек Атамбаев 2022-жылы октябрь, ноябрь жана декабрь айларында Баткендин Аксай айылында талкаланган үйлөрдү курган балдар айлык акыларын ала электигин айтты.

"2022-жылдын октябрь, ноябрь жана декабрь айларында Баткендеги Ак-Сай айылында талкаланган үйлөрдү кайра курууда иштеген балдар ушул күнгө чейин айлык акыларын ала албай жатышат. Арыздары менде бар. Алардын көчүрмөсү бар, силерге берейин, териштирип бергиле",-деди ал.

2021-жылдын жазында жана 2022-жылдын күзүндөгү тажиктердин куралдуу агрессиясынан Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн.

Акыркы маалыматтарга ылайык, 332 үйдүн курулушу толук бүткөрүлгөн.

Белгилей кетсек, былтыр декабрда айрым депутаттар курулуш иштери кечигип жатканын айтып, аны жүргүзгөн компаниянын ишине сындашкан. Бийлик жалпы 420 турак-үйдү тез арада куруп берүүну убадалаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10611