Акылбек Жапаров баткендиктерге кыйраган үйлөр менен мектептер качан бүтөрүн айтты. Сүрөт
RU

Акылбек Жапаров баткендиктерге кыйраган үйлөр менен мектептер качан бүтөрүн айтты. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн Акылбек Жапаров аталган облуска бардык тараптан колдоо көрсөтүлүп, өзгөчө көңүл бөлүнөрүн белгиледи. Министрлер кабинетинен маалымдашкандай, Арка жана Борбордук айылдарында жаңы салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышып чыкты.

Учурда жалпысынан 332 турак үйдүн курулушу толук бүткөрүлдү. Эскерте кетсек, жалпысынан жарактан чыккан 418 үйдү жаңыдан куруу каралган. Ал эми калган 86 турак үйдүн курулуш иштери мартта толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

"Буйруса турак үйлөрдү куруу иштерин март-апрель айларында аягына чыгаралы деп жатабыз. Бул маселе өлкө Президенти Садыр Жапаровдун түздөн-түз көзөмөлүндө. Андан соң, үй эмеректерин толтуруу жагы дагы каралат", - деп билдирди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле Акылбек Жапаров жергиликтүү жашоочулардын суроолоруна жооп берип жатып 2023-жылдын сентябрына чейин бардык социалдык объектилер бүткөрүлөрүн билдирди.

"Бүгүн, эртең бала бакча, мектеп, оорукана сыяктуу социалдык объектилер башталат. Анын баары 2023-жылдын сентябрында бүтүп калат. Ал эми калган ирригация, айыл чарба иштери, завод-фабрика, ГЭСтер боюнча биринчи көңүлдү Кыргызстан боюнча Баткенге бурулат", - деди ал.

Эки жылдын ичинде күч түзүмдөрүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын дагы айтып өттү. Мындан тышкары, Өзбекстан Республикасы менен чек ара маселеси чечилгенин, ал эми Тажикстан Республикасы менен дагы чечилет деп кошумчалады.

Министрлер кабинетинин төрагасы бүгүн, 25-февралда Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагынын Капчыгай жана Ак-Сай айылдары, Актатыр айыл аймагынын Көк-Терек айылы, Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк айылы, Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылында курулган үйлөрдүн сапаты менен дагы таанышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10493