"Ош сила" лотереясын ойноткондорго кылмыш иши козголду
RU

"Ош сила" лотереясын ойноткондорго кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында "Ош сила" аттуу профессионалдык лотерея ойноткондор аныкталды. УКМКдан кабарлашкандай, лотерея ойноткондордун тиешелүү лицензиясы болгон эмес.

Комитеттин маалыматына ылайык, К.уулу К. жана Б.М.А. "Лотереялар жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузуу менен "Ош сила" лотересын уюштургандыгы аныкталды. Бул факты боюнча 218-берененин 1-бөлүмү (Мыйзамсыз ишкердик кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы адамдарга Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын түштүк башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотуу боюнча бир нече жолу буйрук берилгендигин, бирок белгиленген көрсөтмөлөрдү эске албай лотерея уюштурууну улантышкан.

Өз кезегинде К.уулу К. жана Б.М.А. лотереяга катышуу үчүн билеттерди саткан жана ал үчүн МБанк тиркемеси аркылуу төлөм алган, ал эми лотереянын жүрүшү "YouTube" каналы аркылуу көрсөтүлгөн.

Уюштуруучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда лотерея барабандары, билеттери жана тергелип жаткан ишке тиешелүү башка буюмдар жана документтер алынган. Бул иш боюнча иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10632