"Баткен Сила" лотереясы мыйзамсыз уюштурулганы аныкталды
RU

"Баткен Сила" лотереясы мыйзамсыз уюштурулганы аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

24-25-августта "Баткен Сила" лотереясы мыйзамсыз өткөрүлгөн. Бул факты боюнча 25-августта Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренеси ("мыйзамсыз ишкерлик кылуу") менен кылмыш иши козголуп, тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Уюштуруучулардан 800 миң сом өлчөмүндөгү акча, банктык карталар жана машиналарды пайдалануу үчүн берилген ишеним каттар табылып, байге катары ойнотулат делген 7 автоунаа унаа токтоочу жайга коюлду.

Белгилей кетсек, ар бир турда орточо байге фонду 5 миллион сомдон 8 миллион сомго чейин болсо, ал эми ойнотулган билеттердин саны 2800 даананы түзгөн. Уюштуруучулар лотереянын жеңүүчүлөрү катары өздөрүнө тааныш адамдарды көрсөткөн фактылар аныкталган. Бирок чындыгында байгелерди уюштуруучулар өздөрүнө ыйгарып алышкан деп айтылат маалыматта.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8122