Баткендеги административдик имараттар шаардын четине чыгарылат
RU

Баткендеги административдик имараттар шаардын четине чыгарылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткендеги административдик имараттар Баткен шаардын четине чыгарылат. Буга ылайык, Баткендин борборунан анча алыс эмес жердеги Бужум айылында жаңы административдик имараттар курулганы жатат. Бул туурасында акимчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Шаар четинде салына турчу жаңы имаратта райондук администрация, Калкты тейлөө борбору, "Кадастр" мамлекеттик мекемеси, Суу чарба башкармалыгы, "Кыргыз телеком" жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашат.

Курулуш иштери жакында башталып, жыл аягына чейин пайдаланууга берилери айтылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10646