Жогорку Кеңеш министр кызматына Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин жактырды
RU

Жогорку Кеңеш министр кызматына Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин жактырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

16-мартта Жогорку Кеңеш жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу кызматына Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин колдоду.

Эске салсак, 15-мартта Динара Кутманова кызматтан алынып, анын ордуна Мелис Тургунбаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

1982-жылы туулган Тургунбаев экономика илимдеринин доктору. Ал 2003-жылы Борбор Азиядагы Америка университетин, 2005-жылы Япониядагы саясат изилдөө институтун, 2023-жылы Лондон бизнес мектебин бүтүргөн. Эл аралык мамилелер, экономикалык саясат боюнча адис.

2002-2005-жылдары Финансы министрлигинде, 2006-2019-жылдары "Газпромнефть Азия" ишканасында иштеген.

2013-2021-жылдары "Кыргызнефтегаз" ишканасында директорлор кеңешинин мүчөсү, төрагасы, 2021-жылы KICB Банкында директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10954