Президент жаратылыш ресурстар министрин кызматтан алды
RU

Президент жаратылыш ресурстар министрин кызматтан алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Бул туурасында бүгүн, 14-мартта президенттик администрациядан маалымдашты.

Тиешелүү жарлыкка, Садыр Жапаров кол койду.

Ошондой эле жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Мелис Тургунбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизүүгө токтом кылынат.

Өлкө башчынын дагы бир жарлыгы менен Динара Кутманова жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10929