Ысык-Көлдө тургундардын жардамы менен саркынды сууну агынды сууга куйган факты аныкталды
RU

Ысык-Көлдө тургундардын жардамы менен саркынды сууну агынды сууга куйган факты аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундардын билдирүүсү боюнча саркынды сууну агынды сууга куйган фактысын аныкташты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 16-март күнү социалдык тармактарда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын четиндеги ишканадан чыккан саркынды суулар агын сууга куюлуп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.

Бул маалымат боюнча Ысык-Көл ОИИБнын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери жерине барышып, арыктын четинде орун алган темир түтүктөн саркынды суулар арыкка агып жатканын аныкташкан.

"Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, топтолгон материалдар экологияга келтирилген зыянды аныктоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилет.Корутундунун жыйынтыгы боюнча райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан юридикалык баа берилмекчи",-деп айтылат маалыматта.

Учурда текшерүү иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10957