Мектептердеги каникулдардын графиги жарыяланды
15
Агартуу министрлиги быйылкы окуу жылына карата эс алуу графигин бекитти.
Белгилесек, өлкөдө өткөрүлө турган ири мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларга байланыштуу республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында окуу 15-сентябрда башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт.
Окуучулардын эс алуусу:
- Күзүндө – 5 календарлык күн (2026-жылдын 11–15-ноябры, сабактар 2026-жылдын 16-ноябрынан улантылат);
- Кышында – 10 календарлык күн (2027-жылдын 1–10-январында, сабактар 2027-жылдын 11-январынан улантылат);
- Жазында – 6 календарлык күн (2027-жылдын 3–8-мартында, сабактар 2027-жылдын 9-мартынан улантылат);
- Май айындагы майрамдарда – 9 календарлык күн (2027-жылдын 1–9-майында, сабак 2027-жылдын 10-майында башталат);
- 1-класстын окуучулары үчүн мектептик каникулдар эки жумага, ал эми 2-класстын окуучулары үчүн бир жумага кошумча узартылат.
Кошумча каникулдардын мөөнөтү райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктары тарабынан аймактык-климаттык жана санитардык-эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен белгиленет.
Министрликтен кабарлашкандай, жайкы каникулду эсепке албаганда окуу жылынын узактыгы 1-класста – 32 жуманы, 2-класста – 33 жуманы, ал эми 3–11-класстарда 34 жуманы түзөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18359