Кыргызстанда авиакомпанияларга кыргыз тилинде да маалымат берүү талабы коюлду
Кыргызстандан жана Кыргызстанга каттам аткарган бардык авиакомпаниялар жүргүнчүлөргө кыргыз тилинде да маалымат берүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги кабарлады.
Мурда эл аралык каттамдар боюнча жүргүнчүлөргө жарыялар, адатта, англис, орус жана учуп чыккан өлкөнүн тилинде жасалчу. Эми Кыргызстандын расмий тили милдеттүү талап болору айтылат маалыматта.
Бул талап жергиликтүү жана эл аралык каттамдарды аткарган чет элдик авиакомпанияларга да тиешелүү. Талапка ылайык, жүргүнчүлөр үчүн коопсуздук боюнча көрсөтмөлөр, өзгөчө кырдаалдардагы жол-жоболор, учуу жана конуу жөнүндөгү маалыматтар жана башка билдирүүлөр кыргыз тилинде да айтылат.
Агенттиктен расмий тилдеги маалымат менен башка тилдердеги жарыялардын мазмуну шайкеш болушу керектигин белгиледи. Авиакомпаниялардын жетекчилерине расмий жарыяларды кыргыз тилинде даярдоо жана бардык каттамдарда колдонууну камсыз кылуу тапшырылды.
Агенттик бул чара мамлекеттик тил саясатынын алкагында кабыл алынганын жана жүргүнчүлөр үчүн маанилүү маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, тейлөө стандарттарын иштеп чыгууга багытталганы менен түшүндүрдү.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
