Таиланддан баңгизат ташууга шектелген адам экс-чиновниктин уулу экени айтылды
Мурдагы чиновниктин уулу Таиланддан баңгизат ташыган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери Kaktus.media сайтына билдиришти.
Белгилесек, буга чейин ИИМ эл аралык почта аркылуу өзгөчө ири өлчөмдөгү каннабис тобундагы баңгизаттарды ташып келүү каналын уюштурган кылмыштуу топ аныкталганын маалымдаган.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен "Түндүк" темир жол бажысынын кызматкерлери Бишкек шаарынын почта бөлүмдөрүнөн 1980-жылы туулган Т.Б.О. жана 1989-жылы туулган Ч.Н. аттуу жарандарды кармаганы кабарланган.Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 7 килограмм 560 граммды түзүп, көмүскө базардагы баасы 400 миң доллардан ашмак дешкен ИИМден.
Бул факты боюнча 282-берене ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") менен кылмыш иши козголгон.
Өздүк булактардын маалыматы боюнча, кармалгандардын бири - 1989-жылы туулган Ч.Н. Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын мурдагы башчысы, Салык кызматынын кызматкери Нурланбек Матыевдин уулу. Матыев ошондой эле "Фармация" ААКнын ири акционери болуп саналат.