Кочкордогу базарда мушташкан соодагерлер элдешти
RU

Кочкордогу базарда мушташкан соодагерлер элдешти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кочкор районундагы базарда мушташкан соодаргерлер элдешти. Бул тууралуу Нарын ОИИБден кабарлашты.

Маалым болгондой, 14-июлда Кочкордогу базарда соодагерлер чырдашып, бир кишини жабыла урган видео тараган.

Милиция кызматкерлери жаңжалга катышкандардын баарын аныктап, тергөө бөлүмүнө жеткирген.

Текшерүү жана териштирүү иштеринин жүрүшүндө окуянын бардык жагдайлары такталып, тараптар өз ара жарашып, бири-бирине карата дооматтары жок экендигин билдиришип, тосмо арыз жазышкан.

Учурда окуя боюнча топтолгон материалдар мыйзам талаптарына ылайык каралууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18265