Президенттин администрациясы фейк аккаунттардын ээлерине катуу эскертүү берди
Президенттин администрациясы соцтармактарда фейк аккаунттар аркылуу кытайларга каршы маанай жаратып жаткандар бар экенин айтып катуу эскертүү берди.
Билдирүүнү президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасына жарыялады.
"Президент болом дегенде түшүнө акталган таруу кирген саясатчылар бар. Алар өздөрүнүн фейктери аркылуу бийликти жамандап, "кытай басып кетти", "жерлер сатылып жатат", "тышкы карыз көбөйүп кетти" деген сыяктуу дооматтарды соцсеттер аркылуу таратып келишкен. Буга чейин Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев жана НПОчулардын фейктери таратып келген болсо, эми аларга башкалар да кошулду.
Эми эртең ушуларды аныктап, кармап барып камап коюшса, эне аталары жана бир туугандары "балабызды жөн эле камап коюшту, кызыбызды жөн эле сурака чакырды" деп наалып чыгасыңар.
Ошондуктан азыртадан токтобосоңор жакын арада башчыларыңар менен кошо камаласыңар. Жогорудагы темалар боюнча таратып жаткан маалыматыңар суу кечпейт. Жалган маалыматтарды таратып, улут аралык кастыкты козуткандыгыңар үчүн мыйзам алдында жооп берип, камаласыңар. Токтоткула ушагыңарды.
Темир жол бүтүп, завод-фабрикалар салынышы керек. Биз өндүрүшү өнүккөн, экономикасы кубаттуу, эмгек акылары менен жөлөк пулдары жогоруу өлкөдө жашагыбыз келет. Силерге 30 жыл алдандык. Эми алданбайбыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Орунбеков Кырдаалдык борбордун мониторинг бөлүмү социалдык тармактар аркылуу коомчулукту козутууга аракет кылган аккаунттарды, алардын байланыштарын аныктап жатканын кошумчалады. Мындан тышкары, укук коргоо органдары дагы иш алып барып жатканын, андыктан такталбаган жана улут аралык кастыкты козуткан маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырды.

