Ошто өспүрүмдү жыгыта чапканга шектелген киши камакка алынды
RU

Ошто өспүрүмдү жыгыта чапканга шектелген киши камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында 15 жаштагы өспүрүмдү жыгыта уруп, андан кийин баласы менен мушташтырды делген киши камакка алынды. Маалыматты Ош ШИИБден билдиришти.

Белгилесек, социалдык тармакка окуянын видеосу тараган. Анда эркек киши алгач жашы жете элек баланы уруп, жерге жыгыта койгон. Андан кийин баласына "ур э, ур!" деп, экөөн мушташтырган. Жабыркаган баланын апасы 21-июлда милицияга арыз менен кайрылган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө күбөлөр көрсөтмө беришип, окуя өспүрүмдөрдүн ортосундагы өз ара пикир келишпестиктен чыкканы аныкталган.

Бул факты боюнча 280-берене менен кылмыш иши козголуп, өспүрүмгө кол көтөргөн 1982-жылы туулган П.А. камака алынды. Учурда кылмыш ишинин алкагында бардык жагдайларды толук жана объективдүү аныктоого багытталган тергөө амалдары улантылып жатканы маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18331