Ташиев: Курманкул Зулушевдин кайниси кармалды, бул трагедия же тирешүү эмес
RU

Ташиев: Курманкул Зулушевдин кайниси кармалды, бул трагедия же тирешүү эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бажыдагы коррупциялык схемага тиешеси бар делинип кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси бар экенин ырастады. Айтымында, башкы прокурор экөөнүн ортосунда эч кандай пикир келишпестик жок.

"Акыркы күндөрү социалдык мессенджерлерде "Башкы прокуратура менен УКМК тирешип жатат" деген пикирлер айтылууда. Ошого бир аз түшүндүрмө бере кетейин. Башкы прокурор экөөбүздүн ортобузда эч кандай пикир келишпестик, тирешүү жок. Биз мыйзам чегинде өзүбүздүн ишибизди аткарып жатабыз", - дейт Ташиев.

Ал эми "Бажыдагы коррупциялык схема боюнча кармалгандардын арасында Курманкул Зулушевдин кайниси бар экени чындык" дейт.

"Бул ишке Курманкул Зулушевдин, анын ишинин эч кандай тиешеси жок. Кайниси сурак берип жатат, мамлекетке зыян келтирсе толуктап, мыйзамдуу жазасын алат. Мындай көрүнүштөр болуп келет. Ачык айтпайбыз да. Көптөгөн чоң кызматтагы адамдардын жакындары кармалып, жоопко тартылып жатат. Мисалы Садыр Жапаровдун бир тууган кудасы кармалып, отуруп чыкты. Президенттин бир тууган агасынын бажасы "Достук" чек ара заставасында жетекчи болуп турган, ал дагы кармалды. Мына, менин деле анча-мынча жакындарым, өкүл балам кармалып жатат. Эгер, мамлекеттик кызматтагылардын жакындары мыйзам бузган болсо аларга эч кандай аёо болбойт. Бул президенттин тапшырмасы. Башкы прокурордун жакынынын кармалышын трагедия же тирешүү деп кабыл албаш керек", - деп жыйынтыктады сөзүн Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10989