Эрулан Кокуловду баш кийими үчүн клубга киргизбей коюшту. Депутаттын комментарийи
RU

Эрулан Кокуловду баш кийими үчүн клубга киргизбей коюшту. Депутаттын комментарийи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов Kaktus.media сайтына 17-март күнү кечинде "Промзона" түнкү клубунун кире беришинде болгон окуя боюнча комментарий берди.

Айтымында, мындай жол менен ал Кыргызстанда мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн.

"Мен кайсы жерде болбосун мыйзамдуулукту гана талап кылам, мыйзамдар иштесин. Эл түшүнбөйт. Мына сиздер бир нерсени чыгарсаңар, алар жаман сөздөрдү айтышат – бул мага жакпайт. Анткени, мыйзамдар Кыргызстандын бардык аймагында жана биргеликте аткарылышы керек. Мен депутат катары муну текшеришим керек. Менин дарегиме карата ар кандай пикирлер айтылышы мүмкүн, бирок ошентсе да сиздердин (журналисттер) ушундай учурлады дайыма чыгарып турууңуздарды каалайт элем. Мындай учурлар көп болот. Бул өзгөчө менин ишиме кедергисин тийгизет. Мени чыгардыңыздар… Мен жөн эле… Өзүңүздөр көрдүңүздөр, мен мас эмесмин, эч кимге кыйкырып, бакырган жокмун. Мен мыйзамдын аткарылышын гана талап кылам", - деди депутат.

Ал ошондой эле клубдун кире беришиндеги окуя кандай аяктаганын айтып берди.

"Акыры милиция да жардам берген жок. Мен ал жакка кирген жокмун. Жаран катары укугум корголгон жок. Мен ал жакка депутат катары барган эмесмин. Дайыма айтам, коомдук жайларга Кыргызстандын жараны катары барам деп. Мен жөнөкөй жаран катары өз көзүм менен көргүм келет. Маал-маалы менен ушундайларды чыгарып турууңуздарды каалайт элем. Анткени мен муну менен эле токтоп калбайм",- дейт Кокулов.

Эске салсак,17-март күнү кечинде депутат баш кийимин чечүүдөн баш тарткандыктан, аны "Промзона" клубуна киргизбей коюшкан. Бул анын укуктарын бузуу деп эсептеген. Натыйжада ал милицияга кайрылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10990