"Бишкек асфальтсервис" ишканасынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду
RU

"Бишкек асфальтсервис" ишканасынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бишкек асфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан "Бишкек асфальтсервис" ишканасында коррупцияга каршы аракеттенүү, автомобилдик жолдор жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө 2019-2020-жылдар аралыгында Бишкек мэриясынын жана "Бишкек асфальтсервистин" жооптуу кызмат адамдары кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, сынак өткөрбөстөн жана тиешелүү документтери жок, үчүнчү жактын эсебине 7 млн 624 миң 319 сомду мыйзамсыз которуу менен өндүрүп алышкан.

Аталган факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же которуу" беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Башкы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11097