"Тазалык" муниципалдык ишканасынын экс-директору кармалды
RU

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын экс-директору кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан "Тазалык" муниципалдык ишканасынын экс-директору кармалды. Ал ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алганга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганга шектелүүдө.

Коопсуздук комитеттен маалымдашкандай, С.Р.А. 2017-2018-жылдары "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору болуп турган кезде ишкананын айрым кызматкерлери менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, иштебеген, жетишсиз болгон атайын автотетиктерди (таштанды ташуучу унаалар, самосвалдар, жүк ташуучу унаалар) жана күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарып салган. Чындыгында унааларга бөлүнгөн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражаттар өздөрүнө бөлүнгөн.

Аталган кылмыш ишинин алкагында Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы тарабынан соттук-бухгалтердик экспертиза дайындалып, корутундусуна ылайык, "Тазалыктын" бюджетине 5 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Мындай аракеттердин натыйжасында атайын техниканын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын жетишсиздиги жаралып, таштанды чыгарууга жооптуу тиешелүү муниципалдык кызматтардын туура эмес иштешине түрткү болгон. Жарандар таштандылардын көп топтолуп, өз убагында чыгарылбай жаткандыгы боюнча бир нече жолу арызданышкан.

Учурда С.Р.А. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Иштин бардык жагдайларын жана бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жооптуу адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11061