Көчөдө кайыр сурап, жарамазан айткандарга айып пул салынат
RU

Көчөдө кайыр сурап, жарамазан айткандарга айып пул салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы акыркы учурда жолдогу кайыр сураган жарандардын катышуусунда жол кырсыктары катталып жатканын маалымдады. Мындан улам башкармалык "Кайырчы" рейдин өткөрөт.

Рейддин жүрүшүндө өзгөчө жолдун кыймылдуу бөлүгүндө кайыр сурагандарга, жарамазан айтып унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткандарга көңүл бурулат.

Жолдун кыймылдуу бөлүгүндө унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратып жүргөндөр үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренеси менен 1000 сом көлөмүндө айып салынаарын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11200