ЖКККББ: Айып пул көтөрүлүп, каршы тилкеге чыккан айдоочулардын саны азаюуда
RU

ЖКККББ: Айып пул көтөрүлүп, каршы тилкеге чыккан айдоочулардын саны азаюуда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Республикада жол кыймылынын эрежелерин бузгандар азаюуда. Мындай маалыматты Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалыктан буга чейин кээ бир айдоочулар адамдын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч туудуруп, каршы тилкеге чыгуу менен жол эрежелерин одоно бузган учурлар көп катталып келсе, акыркы күндөрү мындай көрүнүштөр азайып жаткандыгы байкалууда дешет.

Анын себеби мурда каршы тилкеге чыгып айдагандар үчүн 5500 сом айып салынса, жаңы өзгөрүүлөргө ылайык 15 000 сомго жогорулагандыгы себеп болууда. Айдоочулар жоопкерчиликтен коркуп, жол эрежелерин так сактоого аракет кылууда.

Жаңы киргизилген жол эрежелери үчүн жоопкерчиликтин катаал шарттарына ылайык, жол эреже бузуулардын бардык түрү азайып жатат деп кошумчалашты башкармалыктан.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11120