Дайырбек Орунбеков: Былтыр жөлөк пулдар 200%га чейин көбөйтүлгөн
RU

Дайырбек Орунбеков: Былтыр жөлөк пулдар 200%га чейин көбөйтүлгөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 2022-жылы жөлөк пулдар 200%га чейин көбөйтүлгөнүн айтты. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

Айтымында, Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында 2800 үй-бүлөгө 100 000 сомдон кайтарымсыз акча каражаты берилген.

Быйыл 10 миң үй-бүлөгө 100 000 сомдон берилет. Бул каражат, чакан ишкерчилик менен алектенүүгө, эмгек кылууга шыктандырат.

Жөлөк пулдар боюнча

Баткен облусуна өзгөчө статус берилгенине байланыштуу, чек арада жайгашкан аз камсыз үй бүлөлөрдүн балдарына 2400 сомдон берилип жатат.

Аз камсыз болгон үй-бүлөгө көмөк:

  • 2021-жылы 3 млрд 804 млн 325 миң сом;
  • 2022-жылы 4 млрд 879 млн 681 миң сом.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилүүчү төлөмдөр:

  • Бала кезинен майыптыгы барларга мурда 4000 сом төлөнсө, 2022-жылдан кийин 8000 миң сомго жогорулаган.
Ата-энесинен ажыраган балдарга берилүүчү төлөмдөр:

  • 2022-жылдан тарта жарым жетим балдардыкы 1000 сомдон 3000 сомго;
  • томолой жетим балдардыкы 2000 сомдон, 6000 сомго көтөрүлдү.

Персоналдык ассистент (дайыма бирөөнүн кароосуна муктаж болгон мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын камкорчусу):

  • Мурда 4000 сом болсо, 2022-жылдан тарта 6300 сомго жогорулады.

Интернат жатак үйлөрүндө жашаган майыптыгы бар жана улгайган жарандардын бир күндүк тамак-ашына каралуучу төлөмдөргө эки эсе кошулду:

  • 2021-жылы мамлекет бюджетинен 79 млн 558 сом каралган;
  • 2022-жылы 166 млн 938 миң сом бөлүнгөн.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11247