Жыл аягына чейин 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет
RU

Жыл аягына чейин 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылы Кыргызстанда "Социалдык контракт" программасына 1 миллиард 36 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу 16-мартта Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев брифинг учурунда билдирди.

Ал белгилегендей, программанын алкагында 100 миң сомдон республика боюнча 10 миң үй-бүлөгө бөлүштүрүлөт.

"Буга 1 миллиард сом жумшалат. Ал эми 36 миллион сом калкты финансылык сабаттуулуктун негиздерине үйрөтүүгө жумшалат. Бул ишти баштадык, адистерибиз аймактарга жөнөп кетти. Азыр жазгы талаа иштери башталып жатат, ошого жетишүүгө аракет кылып жатабыз. Каражат бөлүнгөн",- деди ал.

Базарбаев "Социалдык контракт" долбоорунун 2022-жылдагы жыйынтыгына токтолду.

"Жумгал району, Нарын, Баткен облустарындагы жергиликтүү жашоочуларга 100 миң сомдон акчалай жардам бердик. Ал эми 298 адам жаңы жумуш менен камсыз болду. Мисалы, тигүүчүлөр шаймандарды, керектүү материалдарды сатып алышып, өздөрү иштеп баштады. Кээ бирлери кичи нан бышыруучу жайларды дагы ачышты. Биз бул каражаттар ишкердик менен алектенүүгө жумшалбай калат деп коркконбуз, бирок жакшы иш аткарылып, максатыбызга жеттик", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10949