"Аялдардын токмогунан эркектер да жапа чегишет" дейт Бишкек ШИИББдин башчысы
RU

"Аялдардын токмогунан эркектер да жапа чегишет" дейт Бишкек ШИИББдин башчысы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында эки айдын ичинде 1062 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Мындай статистиканы Бишкек ШИИББдин жетекчиси Азамат Ногойбаев башкармалыктын түз эфиринде айтты.

Ал белгилегендей, 705 аялга, 14 эркекке жана жашы жете электер10 балага коргоо буйругу чыгарылып, сегиз кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.

"Биз аялдар алсыз дегенге көнүп калганбыз, бирок ал дайыма эле андай эмес. Аялдардын ур-токмогунан эркектер да жапа чегет. Зордук-зомбулук бир гана токмок эмес, анын башка түрлөрү бар - моралдык, психологиялык, алсыз абалда калтыруу. Күйөөсү тамак-ашка акча калтырбай кетип, балдардын ачка калуусу - каржылык зордук-зомбулук. Бирок эркектер да жапа чегишет", - деди Ногойбаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11271